Баткенде аткезчилик менен күрөшүү боюнча окутуу өттү

0
37

Баткенде укук коргоо органдарынын кызматкерлери арасында аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча семинар өттү. Бул туурасында Башкы прокуратурадан кабарлашты. 

Окуутуу укук коргоо органдарынын аткезчилик багытындагы билим деңгээлин, практикалык жөндөмүн өркүндөтүү жана кылмыш иштерин тергөө сапатын жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Семинарда “Экономикалык контрабанда түрүндөгү кылмыштардын бетин ачуунун, тергөөнүн өзгөчөлүктөрү”, “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинде аткезчиликке карата каралган чаралар, анын кесепеттери, “Укук коргоо органдары жана салык кызматы тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби” темалары каралды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here