Кызыл-Кыяда опузалоого шектелген 27 жаштагы киши бир жылдан кийин кармалды

0
106

Кызыл-Кыяда  Ош шаарынын 33 жаштагы тургунун  уурдап,  жасалма 20 миң АКШ долларын талап кылган 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ага ылайык, окуя 2023-жылдын 24-октябрында Кызыл-Кыя шаарында орун алып, анда щектүүнүн кылмыштуу шериктери, жабырлануучуну Ош шаарынан Кызыл-Кыя шаарына алып келип,  зомбулук көрсөтүп, айдоочулук көбөлүгүн, 10 миң сомдон ашык акчасын, айдап жүргөн автоунаасын тартып алышкан. 

Бул факты боюнча  жазык кодексинин “Адам уурдоо” жана “Опузалап талап кылуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.  Ал жми кармалган жаран окуя катталгандан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Милиция аны Ош эл аралык аэропортунан кармап, убактылуу кармоо жайына киргизди. 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here