Баткенде эки тоннага жакын  аткезчилик жүзүм аныкталды

0
104

Баткенде аткезчилик менен ташылып келе жаткан эки тоннага жакын жүзүм аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Баткен районунун Чон-Талаа айылында кыргыз жарандарынын башкаруусундагы эки автоунаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Автоунаалардын жүк бөлүгүнөн жүк коштоочу документтери жок 1847 кг жүзүм табылган.

Кармалган товардын орточо базар баасы 184 миң 300 сомду түзүп, иштин бардык жагдайлары такталганга чейин жүк убактылуу сактоо үчүн «Кайырма+Дума» Жоопкерчилиги чектелген коомунун аймагына коюлган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here