Өлкөдө аба-ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлүүдө

0
28

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу маалымат таратты. 11-октябрдын экинчи жарымында жана 12-октябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт.

Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

13-октябрда да жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы төмөндөп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

14-16-октябрларда туруксуз аба-ырайы уланат. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө.

Мындан улам министрлик,  жашоочуларга, айрыкча автоунаа жана коммуналдык кызматтар үчүн даяр болуу сунушталат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here