Президенттердин жолугушуусу: Акаев жолугушуу тууралуу комментарий берди

0
1354

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев мурдагы президенттердин Садыр Жапаров менен жолугушуусу боюнча пикир калтырды.
“Чындыгында, бул тарыхый, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сөзү менен айтканда, “Кылым карытар бир күн!” окуясы болду. Бул жолугушуунун түздөн-түз катышуучусу катары мен үчүн бул элдин жогорку кызыкчылыгына жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоого негизделип ишке ашырылгандыгы ачык көрүнүп турат. Муну менен Садыр Жапаров балким өзүнөн мурункуларга болгон нааразычылыгын жоюу менен өзүнүн саясий даанышмандыгын, адамдык берешендигин көрсөттү”, — деген Акаев.

Ошондой эле, «Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өлкө үчүн өтө зарыл болгон экономикалык жылышка жана андан ары динамикалык туруктуу өсүүгө өбөлгө түзгөн кырдаал түзүлдү – бул элдин жыргалчылыгын кескин жогорулатуунун негизи. Албетте, мамлекеттүүлүктү чыңдоо, эл арасындагы биримдикти, ынтымакты бекемдөө өлкө президентинин түздөн-түз жана негизги конституциялык милдети. Бул милдетти иш жүзүндө толук ишке ашыра баштаганы кубандырат. Жеке мен бул демилгени колдоп, кесиптештеримди Кыргызстандын бакубат келечеги үчүн, кыргыз коомундагы стабилдүүлүктү бекемдөө үчүн макул болууга жана колдоого чакырдым», — деп кошумчалаган Акаев.

Ал Кыргызстандын элин ынтымакка, эл шайлаган президент Садыр Жапаровдун тегерегине биригүүгө чакырган.
Белгилей кетсек, 18-февралда Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирип, жолугушуу уюштурганын маалымдаган.

Ага “Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышып, мурдагы журт башчылары бир муштумга биригүү демилгемди колдоп беришти”-деп белгилеген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here