Кыргыз куткаруучулары Түркиядан кайтып келди

0
815

Бүгүн 21-февралда Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Стамбул шаарынан Бишкек шаарына учуп келди. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Түркиядагы  табийгий кырсыктан улам аталган өлкөгө издөө куткаруу иштерине Кыргызстандан 171 куткаруучу, алты дарыгер жана беш боз үй тигүүчү барган.

Аларды Өзгөчө кырдаалдар министри  Бообек Ажикеев  баш болгон  ӨКМдин өздүк курамы жана Түркиянын Кыргызстандагы элчисиАхмед Садык Доган тосуп алышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандык куткаруучулар Сегиз кишини урандылардын астынан аман алып чыгып, 198 кишинин сөөгүн табышкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here