Чек арадан малды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет көргөндөр кармалды

0
1399

19-февралда Кадамжай районунун Чоң-Каражантак тилкесинен чек ара кызматы 31 жана 32 жаштагы жарандардын башкаруусунда Hyundai Porter унаасын токтотушкан.

Алар башкарган унаадан жети баш бука жана төрт баш кой табылган. Ал эми 20-февралда ошол эле жерде 35 жаштагы жарандын башкаруусундагы Hyundai Porter унаасы токтотулуп, унаадан беш баш бука табылган.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Жогорудагы жарандар малды Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана мал тиешелүү органдарга өткөрүлгөн

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here