Баткенде мамлекеттик кызматкерлер Туркияга жардам катары бир күндүк эмгек акысын которуу чечимин кабыл алышты.
Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында кечээ 9-февралда Баткен шаарында марафон уюштурулган. Өкүлчулуктун маалыматында учурда облустун бардык аймактарында марафондор уюштурулуп, акча каражат чогултуу иштери жүргүзүлүүдө.
Облус мындан сырткары Туркияга төрт боз үй жөнөтөт.