Баткенде токойчу үчүн үй курулуп берилди

0
1500

Баткен токой чарбасында токойчу үчүн үй курулуп, пайдаланууга берилди. Айыл чарба министрлигинен билдиргенге караганда, аянты 61 чарчы метр болгон үй Сары-Таш токойчулугунун Алмалы участогунда орун алган.

Маалыматка таянсак, токойду коргоонун эффективдүүлүгүн жана токой чарба кызматкерлеринин эмгек, жашоо шарттарын жакшыртуу максатында курулган.

Үйдө ыңгайлуу жашоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн: санитардык түйүн, энергияны үнөмдөөчү жылытуу система, ысык жана муздак суу менен камсыздоо.

Белгилей кетсек, Баткен токой чарбасынын аймагына 10 млн сомдон ашык каражатка үч үй курулуп берилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here