2023-жылдын 30-январь күнү болжол менен саат 11:00 чамасында 2009-жылы туулган Аяна Жээнбаева өзү жашаган үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес. Бул боюнча анын апасы Айназик Жээнбаева жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылып, издөөгө көмөктөшүүнү суранган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Белгилери: ак жүздүү, арык чырай, кашы, көзү кара түстө, чачы күрөң, бою 145-150см.
Психикалык жактан жабыркабайт.
Үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.
Эгерде сүрөттөгү кызды көрүп билгендер болсо, Баткен милициясына кабарлап коюңуздарды суранабыз.
Байланыш номурлар:(03622) 102, 5-17-56, 0774-77-86-88, 0552-00-22-74.