Кыргызстандан түркияга дагы 100 куткаруучу жана гум жардам барат

0
879

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Туркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн эки учак гуманитардык жардам жөнөтүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

100 куткаруучудан турган атайын топ, 2 үйрөтүлгөн ит барат.Ошондой эле 100 боз үй, 20дай жылууланган аскер чатырын жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган 1 чатыр жөнөтүлөт.

Ошондой эле медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар гуманитардык жардам катары жеткирилет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here