Түркия өлкөсүндө жер титирөөдөн набыт болгондордун саны 17 миң 674кө жеткенин, 72 миң 879 адам жабыркаганы кабарланды. Бул тууралуу Түркия басылмалары аталган өлкөнүн вице-президенти Фуат Октайга шилтеме менен жазышты.
Ошондой эле Фуат Октайдын маалыматында акыркы суткада кыйраган үйлөр астынан 121 адам тирүү куткарылган. Аймакта 29 миң куткаруучу иштеп жатат.