Баткенде баасы дээрлик 1 млн доллардан ашкан аткезчилик жүк аныкталды

0
1188

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиргенге караганда, 2023-жылдын 3-февралында Кадамжай районунун аймагындагы коңшу өлкөлөргө товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү жана алып чыгуу менен алектенген адамдарга тиешелүү 20 даректе тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Тинтүү учурунда 4377 телевизор, 3162 уюлдук телефон, 308 куту акцизсиз тамеки, 265 дөңгөлөк, 2,5 тонна түстүү металл (жез), 11 миң 220 АКШ доллары жана 504 миң сом накталай акча, ошондой эле баасы 1 млн долларга жакын башка керектөө товарлары алынган.

Учурда товардын баасын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here