Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондор үч миңге жакындады

0
795

Түркияда бүгүн эртең менен кайрадан жер титиреп, зилзала өлкөнүн борбордук бөлүгүндө орун алды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазды.
Жердин силкинүүсү саат 03:13тө катталып, очогунда күчү 5,6 баллга жетти.
Жер титирөөнүн очогу Гөлбашы аймагынан 5 чакырым алыстыкта, 2 миң чакырым тереңдикте жайгашкан.

Эске салсак, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаарлар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,8 баллга жеткен.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркиядагы зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 3 миңге жакындап, 16 миңге жакын адам жабыркаган. Сириянын мамлекеттик басылмалары каза болгондордун саны 1356га жеткенин жазууда.

Түрк президенти Режеп Таиб Эрдогандын буйругу менен бул жоготуудан соң жети күндүк аза күтүү күнүн жарыялады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here