Баткенде кыргыз-тажик жолугушуусу өттү

0
1463

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода ушул жылдын 2-февралында Лейлек районунун кыргыз-тажик чек арасында жолугушту. Бул туралуу облустук бийликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле жолугушууга Мамлекеттик Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев жана Тажикстандык кесиптеши Раджабали Рахмонали да катышты.
Маалыматта тараптар чек арадагы кырдаалды талкууга алып, андан соң 3 маселе боюнча макулдашышты.

— Чек ара аймактарында пайда болгон көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүүлөр менен гана чечүү;

— 2023-жыл ичинде тынчтыкты сактоо багытында биргелешкен иш чараларды өткөрүү;

— эки облуста тең чек арага жакын жашаган жашоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө сүйлөшүлдү.

Жолугушууда маалым болгондой, эки тарап тең бир добуштан чек ара боюнча талаш маселелер тез арада чечилиши керек деп эсептешет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here