Кыргызстангамыйзамсыз алынып келинген «Volvo» маркасындагы техникалар аныкталды

0
1422

Мамлекеттик бажы кызматы бажылык укук бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка таянсак, Европа Бирлигинин аймагынан Кыргызстандын аймагына «Volvo» маркасындагы 10 бирдик атайын техникасы алынып келинген.

Жүк коштоочу документтерин текшерүүдө аталган компания тарабынан товардык коду жөнүндө жалган маалымат берилгендиги аныкталган. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 8млн 813миң сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча материалдар башкы прокуратурага өткөрүп берилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here