Баткендин чек арасында дагы 35 үй пайдаланууга берилди

0
949

Бүгүн, 2-февралда Баткендин чек ара аймактарында дагы 35 үй бүтүп ээлерине тапшырылды. Бир жума ичинде дагы 15 үй даяр болот. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан маалымдады.

Маалыматта Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, өлкө башчысынын атынан үйдүн кожоюндарына 100 миң сомдон акчалай белек тапшыргандыгы белгиленет. Белгилей кетсек, буга чейин да чек арада 45 үй пайдаланууга берилген.
Эске салсак өткөн жылдын сентябрында кыргыз тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда жалпы 422 үй өрттөлгөнү айтылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here