Баткенде мыйзамсыз берилген жерлер мамлекетке кайтарылды

0
1471

Баткен райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен шаарында жалпы аянты 0,66 га түзгөн жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Жерлер боюнча Баткен шаардык мэриясынын 2004, 2008 жана 2009-жылдардагы токтомдору чыккан. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка таянсак, аталган жер тилкелери боюнча прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, жыйынтыгында жер тилкелердин укук белгилөөчү жана укук ырастоочу иш кагаздары жараксыз деп табылган.
Райондук прокуратура тарабынан жалпы 4 млн 45 миң сомго бааланган жер тилкелери Баткен шаарынын мэриясына, муниципалдык менчиктин эсебине кабыл алынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here