Бишкек-Баткен-Бишкек аба каттамы жумасына бир жолу болот

0
970

Бул тууралуу Салам Медиага Баткен аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Баткен-Бишкек багытындагы аба каттамы жумасына бир ирет, шейшемби күнү болоору айтылды.

Учак саат 11:10до Бишкектен учса, 13:15те Баткен шаарынан Бишкекке сапар алат.
Аба каттамдын графигин TezJet компаниясы түзгөн. Баткен шаарындагы авиакассалардын кызматкерлеринин маалыматында учурда билеттердин баасы 4200 сомду түзөт.

Буга чейин маалым болгондой, 2023-жылдын 7-февралынан тартып, Баткен аэропорту аба каттамдарын кабыл ала баштайт.

Белгилей кетсек, аэропорт оңдоо иштерине байланыштуу 2022-жылдын 1-августтан тарта жабылган болчу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here