Наристесин сабаган аял бир айга камакка алынды

0
761

Кадамжайда эки жашар кызын сабаган аял бир айлык мөөнөткө камакка алынды. Мындай чечимди 1-февралда райондук сот чыгарды. Буга чейин, 27-январда милицияга Кадамжай районунун 39 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, анда жарандык никедеги аялы 2021-жылы туулган кызын уруп, зомбулук көргөзгөндүгүн билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Бул факт Кадамжай райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here