Каржы пирамидасын жарнама кылгандарга кылмыш иши козголот

0
765

«Финансы пирамидаларын уюштуруу” маселесин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору парламентте колдоого алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында маалымдалды.

Тагыраагы, тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизип, каржы пирамидаларын түзгөндөрдүн ишин жарнамалаган инсандарды да жоопко тартуу сунушталууда.

Ага ылайык, мыйзамсыз финансы пирамидасын жарнама кылгандар  20 миңден 25 миңге чейин  айып пул жана 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза чарасы каралууда.

Маалым болгондой, өткөн жылы финансы пирамидалары боюнча 882 кылмыш иши козголгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here