Жеңиш Разаков 24-февралга чейин камакта калтырылды

0
810

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул боюнча Ички Иштер Министрлигинен маалымдашты.

Маалыматта Жеңиш  Разаков алдоо жолу менен 1 млн АКШ долларын алган факты боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жаткандыгы белгиленет.

2022-жылдын 20-сентябрында ИИМдин Тергөө кызматына Б.А. аттуу жаран кайрылып, мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранып, арызын жазган.

Жабырлануучунун жазган арызында 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 млн АКШ долларын алып бербей койгондугун билдирген.

Ага ылайык, 2023-жылдын 24-январында Жеңиш Разаков кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 26-январда  Биринчи май райондук сотунун чечими менен анын баш коргоо чарасы аныкталып, 2023-жылдын 24-февралына чейин тергөө абагына камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек Жеңиш Разаков, Баткен облусунун губернатору жана облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматтарын да аркалаган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here