Илимпоздордун даража үчүн үстөктөрү 50%га жогорулады

0
584

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өткөн Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында илимий даража үчүн үстөктөрдү 50%га жогорулатуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Натыйжада, 2023-жылдын 1-январынан тартып илимий, педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр төмөнкүдөй белгиленет:

– илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн – 2700 сом өлчөмүндө;

– илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн – 1350 сом өлчөмүндө.

Белгилей кетсек, буга чейин илим докторлоруна – 1800 сом, илимдин кандидаттарына – 900 сом өлчөмүндө кошумча төлөмдөр белгиленген.

Кыргызстанда 1179 илимдин доктору жана 5 миң 323 илимдин кандидаты аттестациядан өткөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here