Өспүрүмдөр арасында баңгичиликтин көбөйүшү байкалууда

0
544

Өспүрүмдөр арасында баңгичиликтин көбөйүшү байкалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, балдар арасында наркоманиянын алдын алуу боюнча өткөргөн кеңешмеде айтылды.

Көйгөйдүн себеби катары социалдык тармактардын жайылышы жана фармацевтикага жеткиликтүүлүк жогорулагандыгы айтылды.

Жыйында белгиленгендей, наркоманиянын кадимки түрлөрү менен катар, балдар жана өспүрүмдөр арасында дарыкана наркоманиясы деп аталган күчтүү таасир этүүчү дарыларды рецептсиз берүү маселеси кеңири жайылууда.

Минкабдын маалымат кызматы билдиргендей, Эдил Байсалов балдар наркоманиясынын алдын алуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу менен өспүрүмдөргө рецептсиз дарыларды берүүгө катуу тыюу салынат», — деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү белгилегендей, февраль айынан тарта дары-дармектерге автоматташтырылган көзөмөлдөө системасы иштей баштайт. Дары-дармек каражаттары, анын ичинде күчтүү психотроптук дарылар маркировкаланат, ошону менен алардын колдонулушуна байкоо жүргүзүлөт.

Кеңешменин жыйынтыгында баңгизатка көз каранды балдарга психологиялык жардам көрсөтүү үчүн күндүзгү стационарды түзүү; күчтүү таасир берүүчү дары-дармектерди рецептсиз сатуу үчүн жоопкерчилик чараларын киргизүү боюнча Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here