Чек арадагы окуучулар менен мугалимдерге арналган акцияда 4 млн сомго жакын каражат топтолду

0
1237

«Мектепке барам» кайрымдуулук акциясынын алкагында «Билим берүү демилгелери» фонду жана Балдардын укугун коргоочулар лигасы бир айдын ичинде дээрлик 2 миллион 907 миң сом жана 10 миң евро чогултту.

Чогулган каражат Баткен районунун былтыр сентябрда болгон чек ара жаңжалынан жабыркаган конуштарындагы мугалимдерди жана окуучуларды колдоого жумшалууда.Бул тууралуу уюштуруучуларга таянып, Кабар агенттиги жазды.

«Эки уюмдун, жергиликтүү бийликтин жана ыктыярчылардын аракети менен 250 окуучу жана 50 мугалимдин тизмеси даярдалган. Окуучулар менен мугалимдерге тизмелер боюнча Баткен шаарынын борбордук базарынан кышкы кийим-кече, бут кийим жана окуу куралдарын сатып алууга сертификаттар тапшырылды», — дешти акциянын демилгечилери.

Балдар ата-энелери менен 10-декабрдан тарта берилген күбөлүктөрдү колдоно башташты.

Жардам берүүнүн бул форматы ар ким өз каалоосу боюнча кийим-кече жана канцелярдык буюмдарды тандап алгыдай кылып атайын тандалган. Ошону менен бирге баткендик ишкерлерге колдоо көрсөтүлдү.

Алдыда «Мектепке барам» долбоорунун алкагында январь айында жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн 100 мугалим жана 50 аспирант окутулат-деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here