Быйыл  Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы белгиленет

0
2025

Президенттик администрациянын маалымат кызматы билдиргендей, Президент Садыр Жапаров “Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндөгү “ жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, иш чараны өткөрүү  боюнча  Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектеген уюштуруу комитети иш алып барат.

Абсамат Масалиев азыркы Баткен облусунун Кадамжай районун Алыш кыштагында 1933-жылдын 10-апрелинде туулган. Масалиедин Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптануусуна кошкон салымы өтө чоң. Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик жана саясий ишмер катары белгилүү.

Абсамат Масалиев Октябрь революциясы ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, КМШнын парламенттер аралык «Шериктештик» ордени, үчүнчү даражадагы «Манас» ордени жана медалдар менен сыйланган.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here