Кыргыз эл артисти Апаз Жайнаковдун айкели тургузулду

0
1598

Баткен шаарында обончу жана аткаруучу маркум Апаз Жайнаковдун айкелинин ачылуу аземи болуп өттү. 

Жайнаковдун айкелинин автору скульптор Дастан Пазылов. Апаз Жайнаков атындагы облусттук драма театрынын жетекчиси Баткытбек Акматовдун айтымында эстелик эки жылдын аралыгында тургузулду.

Кыргыз эл артисти Апаз Жайнаков 1960-жылдын 6-мартында Баткен районунун Орто-Боз айылында туулган. Ал “Кыргыз жери”Бийге чакыруу”, “Кыргызымдын сулуу кыздары”, “Өрүкзарга кетели”, » Аман жар», «Сагындым жазды», «Кайбереним» жана “Ак гүлүм” деген обондору аркылуу элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Эл артисти 2013-жылдын 9-октябрында 53 жаш курагында дүйнө салган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here