Баткен шаардык кеңешине эки жаңы депутат келди

0
1374

Баткен шаардык кеңешинин 13-сессиясында эки депутатка депутаттык мандат тапшырылды.

Бул тууралуу шаардык бийликтин маалымат кызматы кабарлады.

Депутаттык мандат алган депутаттар “Эмгек” партиясынан келген Айбек Муратов менен Базарбай Масеитовдор.

Шаардык кеңештен билдиришкендей, буга чейин депутаттар Батырбек Шүкүров жана Абдирашит Тагаев өз арызынын негизинде мандаттарын тапшырышкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here