Баткен шаарында жаңы мектеп пайдаланууга берилди

0
1565

Бүгүн 30-декабрда Баткен шаарындагы Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгында 375 орундуу жаңыдан курулган мектептин имаратынын ачылыш аземи өттү.

Ушуну менен Баткендеги 10чу мектеп ишке кирди.
Ачылуу аземге Баткен шаарынын тургундары жана облус башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган , бир катар мамлекеттик кызматкерлер катышты.

Белгилей кетсек, мектептин курулушуна Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан 84 млн сом каражат грант эсебинде бөлүнгөн.
Учурда шаарда жалпы 6 миңден ашуун окуучу бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here