Айдоочуларга жол кире акысын өз алдынча көтөрбөө эскертилди

0
1337

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн  кызматкерлери  автобекеттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Адистер  шаар жана район аймактарына  каттаган такси жана коомдук транспорттордун айдоочуларына жаңы жылга карата жол кире акысын өз алдынча көтөрүп албоону эскертишти.

Ошондой эле  жол кырсыктарын алдын алуу  жана  болтурбоо максатында профилактикалык иштер жүргүзүлүп, айдоочуларга Жол кыймылынын эрежелерин так сактоо   эскертилди.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here