Чек арачы Дастан Анарбековдун сөөгү жерге берилди

0
2273

Бүгүн сентябрь айындагы куралдуу жаңжалда дайынсыз болуп жаткан чек арачы Дастан Анарбековдун сөөгү Ата-Бейит мемориалдык комплексинде жерге берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

 

Маалыматка ылайык, чек арачынын сөөгү көпкө чейин белгисиз бойдон калып, бир катар экспертизалардан кийин гана анын өздүгү такталган.

21 жаштагы чек арачы Дастан Анарбеков, Талас облусунун Аманбаев айылынан болот. Ал орто мектепти жана Бишкек шаарындагы Калыйнур Үсөнбековатындагы аскер окуу жайын артыкчылык менен аяктап, Баткен облусуна аскердик кызмат өтөөгө келген.

 

Анарбеков Баткен районундагы Достук чек ара тозотунун жетекчисинин орун басары  кызматын аркалаган. Ал тажик тараптын куралдуу кол салуусунда Достук айылын коргоодо мектептин аймагында каза болгон.

Чек арачыны акыркы сапарга узатуу зыйнатына өлкө башчысы Садыр Жапаров катышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here