Унаа айдап качкан жаран кармалды

0
1821

Кызыл-Кыя шаарынын 26 жаштагы тургуну 2022-жылдын 27-декабрь күнү болжол менен саат 23.00дөр чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы кафенин жанында өзүнүн Volkswagen Polo үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жарандар токтотуп, белгисиз тарапка айдап кетип калгандыгын билдирип, милицияга арыз менен кайрылган.

Кызыл-Кыя милициясы тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп, 28-декабрь күнү Кадамжай районунун мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 29 жаштагы жаран Ош шаарынан аныкталып кармалган.

Азыркы күндө кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here