Кызыл-Кыя шаарында бейбаштык кылган жаран кармалды

0
2346

Кызыл-Кыя шаарынын 19 жаштагы тургуну 2022-жылдын 21-декабрь күнү түнкү саат 02.30дар чамасында, үйүнө Караван айылынын 26 жаштагы тургуну белгисиз себептер менен үйүнө бастырып кирип, себеби жок уруп, денесине жараат келтиргени боюнча милицияга арыз менен кайрылган.

Кызыл-Кыя шаардык милициясы тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп, 28-декабрь күнү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, 26 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып кармалган.

Азыркы күндө кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here