Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык 28-декабрда президенттик администрацияда жыл жыйынтыгы чыгарылды. Жыл жыйынтыгы менен Баткен облусунун Ак-сай айыл өкмөтү “Эң мыкты айыл өкмөтү” болду.
Аталган айыл өкмөттүн башчысы Алимбек Сабировго, өлкө башчысы Садыр Жапаров 1 млн 500 миң сомдук сертификат тапшырды.