Баткен облусунун 9 атуулу мамлекеттик сыйлыкка татыды

0
3203

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери үчүн сыйлыктар менен Баткен облусунун төмөнкү жарандары сыйланды.

“Кыргыз Республикасынын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам;
Жазуучу, Баткен шаарынын ардактуу атуулу Ражабалиев Аскарали.

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими”
деген ардактуу наам;

— Айтматова Тургунай Бабажановна. Баткен облусунун Кадамжай районундагы № 5 Б. Айтматов атындагы гимназия-мектебинин директору
— Балтабаев Зулпукар. Баткен облусунун Баткен районундагы “Газ” орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими
— Дубанаев Зайнидин. Баткен облусунун Баткен районундагы Б. Ходжаев атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам;
Рахматиллаев Лутфилла. Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Алгакадам” коомдук бирикмесинин аксакалдар кеңешинин төрагасы

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына
эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам;

Исаков Жаныбек Маматович. Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары

“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына
эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам;Асамидинов Айдарали. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен
— Абдуллаев Абдилаким Сейитович. Баткен облустук бириккен ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы
— Бөрүбеков Арзыбек Курсаналиевич. Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору

Белгилей кетсек, сыйлыктар бүгүн 29-декабрда өлкө башчысынын катышуусунда тапшырылууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here