«Тажикстан менен чек араны дипломатиялык жол менен чечүүгө күч-аракетибизди жумшап жатабыз», — деп билдирди президент Садыр Жапаров. Өлкө башчысы чек ара толук чечилмейин мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келе берерин билдирди.
«Ага тилекке каршы соңку окуялар күбө. Дал ушундан улам бүгүнкү күндө үч коңшу өлкө менен чек ара маселелерин тактап алдык. Тажикстан менен чек араны тынчтык, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз», — деди президент.
Белгилей кетсек, учурда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында министрлер кабинетинин жыйыны өтүп жатат.