Бир үй-бүлөнүн өмүрүн алган кырсык: Үй ээси Орусиядан келгенине үч күн болгон

0
3791

Кадамжай районунун Алга айыл өкмөтүнүн башчысы Жыргал Дыканов Салам Медиага билдиргендей, 29-декабрда иске ууланып каза болду делген үй-бүлөнүн кожоюну Орусиядан келгенине үч күн болгон. 36 жаштагы жаран Орусияда эмгектенип, үй-бүлөсүн бакчу.
Дыкановдун айтымында окуядан соң тийиштүү кызматтар тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө. Окуя 29-декабрдын түнүндө болгон. Үйдү жылытуу үчүн эки электр меши сайылгандыктан, электр зымдарына күч келип, ээрип, үйдүн ичи иске толуп 6 адам каза болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда жубайлар токко урунуп каза болгону болжолдонууда. Анткени жубайлардын денеси уктоочу бөлмөсүнөн эмес, үйдүн кире беришинен (залдан) табылган. Жубайлардын колдорунда токко урунуунун белгилери болгон.
4 бала балдар бөлмөсүндө уктаган бойдон иске ууланып каза болушкан. Жубайлардын эки уул бир кызы болгон. Дагы бир бала, агасынын баласы болгон.
Окуя 29-декарь түнү болгон болсо 30-декабрда кечинде гана белгилүү болгон. Үй ээсинин бир тууган агасы көп жолу телефон чалып, байланыша албаган соң, үйүнө келип, окуяга күбө болгон.

31-декабрда бир туугандары алардын үйүндө жаңы-жыл тосушмак.
Облустук милиция да бул окуя боюнча, үйдү жылытуу үчүн сайылган эки электр жылыткычынын айынан электр зымдары ээрип күйүп, үйдүн ичиндеги диван жана жерге төшөлгөн паластар күйүп, үйдүн ичи түтүнгө толуп, 6 адамдын ууланып каза болушкандыгын тастыктады.

Окуя боюнча соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here