Баткенде дагы бир аткезчилик фактысы катталды

0
2074

Баткенде жер семирткичтерин мыйзамсыз ташыган жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

1-январь күнү Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын аймагынан Тажикстандын Исфара районунун Хожа-Ало айылына мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткичтерди ташып келүү фактысы катталды.

Аткезчилердин бул аракетин УКМКнын Баткен облусундагы башкармалыгы чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте аныкташкан.

«Ауди 100» үлгүсүндөгү автоунаа менен эки кыргыз жараны Тажикстандын аймагына контрабанда каналын түзүүгө аракет кылып, жакынкы чек ара аймагы аркылуу аз сандагы жүктөрдү ташууну көздөшкөн.

Автоунаада 7 кап селитра табылып, автоунаа жана аткезчилик жүк жоопту сактоочу жайга коюлган.

Бул факты боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here