Өзгөчө макам берүү боюнча экинчи тизмеге 800 миллион сом талап кылынат

0
2135

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин маалыматына таянсак, Баткен облусунун чек ара айылдарына өзгөчө макам берүү боюнча экинчи тизмеге 800 миллион сомго жакын каражат талап кылынат.

Анын айтымында, өзгөчө макам берүү үчүн экинчи тизме боюнча жумушчу топ иштеп жатат.

«Чек арага жакын айрым округдар өзүнчө статуска ээ болуп, токтом менен бекитилген. Аларга мамлекеттен кошумча субсидиялар жана дотациялар берилген, айрым төлөмдөрдөн бошотулган. Бюджеттен 250 миллиондон ашык каражат берилген.

Статус берилген аймактардын тизмесин кеңейтүү үчүн дагы 800 миллионго жакын акча каражаты керек. Андай айылдарды аныктоодо, чек арага канчалык жакын экенин тактоодо акыйкаттык принциби болушу зарыл», — деди ал.

Чек арадагы тургундарга жеңилдик берүү максатында 2021-жылы «Баткен облусунун статусу» жөнүндө мыйзамга ылайык Баткенде 62 айылга өзгөчө макам берилген.

Учурда дагы 83 айылга, үч шаарга, үч конушка да макам берүү сунушу каралып жатканы айтылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here