Араб уюму Баткенде муктаж үй-бүлөлөргө көмүр берди

0
1514

Сүрөт: Салам Медиа/ Кудайберди Дуйшоев

«Эмират” эл аралык фонду тарабынан Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундарына 150 тонна көмүр таратылды. Бул тууралуу аталган фонддун Баткен шаарындагы куратору Гүлнара Саттарова “Салам Медиага” билдирди.

Анын айтымында көмүрдүн 25 тоннасы Ак-Сай айыл өкмөтүнө, 25 тоннасы Кара-Булак айылына жөнөтүлсө анын 10 тоннасы мечит медреселерге жана коомдук фонддорго берилди. Ошондой эле 90 тонна көмүр Баткен шаарындагы майыптуулугу бар жарандарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here