Рахманкулов: Лейлектеги үйлөр январь айында толук бүткөрүлөт

0
1607

Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяда жараксыз абалга келген 107 үй жаңыдан курулууда. Үйлөр январь айында толук бүткөрүлүп, февраль айында пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн “Салам Медиага” Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов билдирди.

Рахманкуловдун айтымында учурда 70% үйлөрдүн монолиттери коюлуп бүттү,учурда чатырын жабуу жана ички жумуштары кызуу жүрүүдө. Үйлөрдү “Аманат Строй” жана “Бод Строй” курулуш компаниялары курууда. Лейлектеги 107 үйдөн сырткары 77 үйдө капиталдык оңдоп түзөө иштери жасалып жатат.

Белгилей кетсек, мындан эки күн мурун президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасына баткенде жалпы 30дан ашуун үй бүткөнүн жазды.

Тагыраагы ал, “Баткенде дагы 11 жаңы үй бүттү, жалпы 30дан ашык турак жай колдонууга берилди.Үй ээлерине мамлекет тарабынан 100 миң сом акчалай түрүндөгү жаңы жылдык белек тапшырылды”-деп билдирген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here