Баткен районунун Газ айылында БУУнун Аялдар-тынчтык тиреги долбоорунун алкагында, Роза Отунбаеванын демилгелери фондунун колдоосу астында жеке ишкер Насиба Сабдираимовага тигүүчү машиналары берилди. Муну менен учурда онго жакын кыз-келиндер жумуш орду менен камсыз болушту.
Тигүүчү цехте жалпысынан түз тигүүчү, беш жиптик, төрт жиптик, илгич жип менен тигүүчү машиналар бар.