Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн төрөтү он жылга салыштырмалуу эки эсеге азайды

0
76

Бүгүн, 29-августта Баткен шаарында, аялдар жана балдарга карата жүргүзүлгөн көп көрсөткүчтүү кластердик изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарган тегерек стол өттү. 

Аталган изилдөөнү Улуттукстатком жүргүзгүзүп, ага 7миң 200 кожолук, саламаттык сактоо, билим берүү жана аялдар менен балдарды социалдык коргоо менен байланышкан 185 көрсөткүч боюнча сурамжыланган.

Изилдөөнүн жыйынтыгы менен ымыркайлардын 15,6 тирүү төрөлгөнгө 1000 жана беш жашка чейинки балдардын өлүмү 16,5 1000 тирүү төрөлгөнгө туура келет. 15-19 жаштагы өспүрүмдөрдүн төрөө коэффициенти 32 аялга 1000ди түзөт (ушул курактык топто), бул 2014-жылдагы эсептөөлөргө салыштырмалуу эки эсе аз.

Ал эми балдардын эмдөө деңгээли салыштырмалуу төмөн. 24-35 айлык беш баланын төртөө гана эмдөөдөн алдын ала турган ооруларга каршы эмделет. Изилдөөгө чейин каалаган убакта бардык негизги эмдөөлөрдү алган 12-23 айлык балдардын үлүшү 40,7 пайызды түзөт, бул 2018 -жылы 76,7 пайызга салыштырмалуу төмөндөдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here