Кыргызстанда соцконтракт боюнча 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя бериле баштады

0
65

Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 200 миң сомдук пайызсыз насыяны алууга социалдык контракттын катышуучуларынан арыздарды кабыл ала баштады.

Пайызсыз насыя бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү жана колдоо үчүн берилет.6 айдан кем эмес ишкердик ишин жүргүзгөндүгүн ырастоочу документи бар соцконтракттын катышуучулары бизнес-планга ылайык, ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя ала алышат. Насыяны алгандан кийин үч ай жеңилдик алышат, андан кийин 3 жылдын ичинде ай сайын бирдей үлүштөр менен каражаттарды төлөй башташат.

Министрлик программага катышуу үчүн жарандар “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдоруна кайрылуусу зарыл экендигин белгиледи.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here