Чек ара айылдарындагы үйлөрдүн бир бөлүгү жаңы жылга чейин пайдаланууга берилет

0
1940

Облус башчысы Ак-Сай айыл аймагындагы үйлөрдүн курулушунан кабар алганы, үйлөрдүн бир бөлүгү жакынкы күндөрү ээлерине тапшырылаарын облустук бийликтен маалымдашты.

Учурда жеринде калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жатат. Көпчүлүк үйлөрдүн дубалдары тургузулуп, чатырлары жабылса, айрымдарынын ички жасалгалоо иштери жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

Сентябрь айындагы тажик тараптын куралдуу кол салуусунан Ак-Сай айыл аймагында 193 үй тонолуп  өрттөлгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here