Үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо боюнча коомдук угуу өттү

0
1801

Баткен шаардык мэриясында зордук зомбулуктун алдын алууга багытталган иш чаралар планын талкуулаган коомдук угуу болуп өттү.

Ага Баткен шаардык кеңешинин төрагасы, шаардын вице-мэри баш болгон жетекчилер, шаардык кеңештин депутаттары, үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу комитетинин мүчөлөрү катышты.

Жыйын катышуучулары коомдо зомбулук көйгөйүн азайтууга салым кошуу, иш чаралардын натыйжалуулугун арттыруу боюнча сунуш пикирлерин ортого салып, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратуу маселесин карашты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here