Үч-Коргон айыл аймагындагы Майдан айылынын 35 жаштагы тургунунун унаасынан мыйзамсыз сакталып жүргөн ок атуучу курал жана тогуз даана ок, беш даана колдонулган гильзалары табылган. Бул тууралуу облусттук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
“Арсенал” иш чарасынын негизинде каттоодо турган мергенчилердин куралдарды сактоо эрежелери текшерилип, укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде 17 атуулга айып пул салынды.