Баткен шаарынын көчөлөрүндө ыңгайсыздык жараткан 18 жаранга айып салынды

0
1257

Баткен шаарынын ички жолдорунун тардыгына байланыштуу борбордук “Айдарали” базарынын айланасындагы жол тыгындарын иретке келтирүү максатында шаардык милиция элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Иш чаранын жүрүшүндө айрым айдоочулар унааларын туура эмес жерлерге токтотуп, жол тыгындарына себеп болгону, кээ бир сатуучулар жол четине товарларын өз билемдик менен жайып алып, жарандарга ыңгайсыздыктарды жаратып жатканы аныкталды.

Укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукту болтурбоо максатындагы бул иш чара шаардын Мухтар Нургазыев, Мурат Салихов, Тургунбай Садыков жана Сайдиман ажы атындагы борбордук көчөлөрүндө жүрдү. Анын жыйынтыгында, укук бузуу кодексинин негизинде 18 жаранга протоколдор толтурулуп, 24 000 сом айып салынды.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here