Баткенде майыптуулугу бар жарандарды колдогон акциялар өтүүдө

0
600

Баткен шаарындагы “Нур” балдарды калыптандыруу борборунда бүгүн 3-декабрь — мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүн утурлаган иш чара өттү. Аталган борбордун тарбиялануучулары, ата-энелер жана тиешелүү мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү катышкан майрамдык салтанат балдардын ыр-бийлери менен коштолду.

Иш чаранын максаты — майыптуулугу бар жарандардын жана өзгөчөлөнгөн өспүрүмдөрдүн абалына коомчулуктун көңүлүн буруу жана аларга ар тараптан колдоо көрсөтүүнү колго алуу.

“Нур” балдарды калыптандыруу борборунун жетекчиси Мээрим Мамажанованын айтымында,  учурда борбордо 30 бала тарбияланып жатат. Алардын 12си мектепте билим алат.

Баткен облусунда  бүгүнкү күндө жалпы 21 миң  мүмкүнчүлүгү чектелген жаран  бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here