Баткенде “Зомбулуксуз жашоо” акциясы өттү

0
504

Баткен районунун Кызыл-Бел айылында милициянын демилгеси менен “Зомбулуксуз жашоо” деген акция өттү. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, акцияга окуучулар, мугалимдер жана айыл активисттери катышты.

Акцияда жаштар  зордук-зомбулукту болтурбоо ураны менен жөө жүрүш жасашты.

Милиция кызматкерлери акцияга катышкан катышуучуларга жаш өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун алдын алуу, балдарга карата зомбулуктарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Облустук милициянын маалыматына таянсак, быйылкы жылдын он айында облус аймагында өспүрүмдөрдүн зордук-зомбулукка кабылышы боюнча 4 учур катталган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here